Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
“Өрүкзар поэзиясына 35 жыл”

“Өрүкзар поэзиясына 35 жыл”
Баткенде "Өрүкзар поэзия"күнү фестивалы өтүүдө
Лейлек жергесинен чыккан акын Курбаналы Сабыровдун жаркын элесине арналган фестивалдын расмий бөлүгү, Лейлек райондук маданият үйүндө уюштурулуп,иш чара анын өмүрү,чыгармачылыгын чагылдырган сахналык көрүнүштөр, даректүү тасма менен башталды.
Иш чарага КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Лейлек районунун акими Канимет Осмонбековдор баштаган жетекчилер,акын жазуучулар, адабият сүйүүчүлөр катышты.
Бул ирет адабият майрамы эл аралык деңгээлде уюштурулгандыгы менен өзгөчөлөндү. Ага кошуна мамлекеттерден да акын жазуучулар келип катышты.
Иш чарада акындын чыгармалары окулуп, обондуу ырлары жаңырды.
Белгилей кетсек, “Өрүкзар” поэзия фестивалы, Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун Баткен облустук бөлүмүнүн төрагасы, акын, журналист Абдилаат Дооров тарабынан негизделип, жыл сайын уюштурулуп келет.
Фестиваль эки күн бою акындардын, поэзия сүйүүчүлөрдүн башын бириктирген аянтчага айланып, тектүү, тарыхы бир кошуна элдердин ынтымагын бекемдеген жана адабиятты даңазалаган саамалык болду.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы