Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Өкүлдүн орун басары аймактардагы курулуш жана чарба иштерин текшерди
Өкүлдүн орун басары аймактардагы курулуш жана чарба иштерин текшерди
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Кызыл-Кыя шаарына жана Кадамжай районуна иш сапары менен барды.
Иш сапардын алкагында ал быйыл пайдаланууга берилүүсү пландалган бир катар социалдык объектилердин жана өндүрүш ишканаларынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Ошондой эле жер-жерлерде көчмө жыйындар өткөрүлүп, Эгемендүүлүк күнүнө жана жыл аягына карата ачылуусу пландалган объектилердин курулушун өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, жазгы талаа иштеринин жүрүшү, “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери, жер казынасын пайдалануу тармагындагы тартипти камсыз кылуу, кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарды казып алууда жол берилип жаткан системалуу мыйзам бузууларды жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.
Жумушчу сапардын жүрүшүндө Абдирашит Ташбалтаев жергиликтүү базарларды кыдырып, азык-түлүк бааларына байкоо жүргүздү.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы




