Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Облус башчысы студенттер менен жолукту
Облус башчысы студенттер менен жолукту
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Баткен Мамлекеттик Университетинин студенттери менен жолугуп, алар менен ачык диалог форматында баарлашты. Алгач облус башчысы студенттерди 10-ноябрь Жаштар күнү, 17-ноябрь Студенттер күнү менен куттуктады. Иш-чаранын алкагында билим берүү тармагы, жаштар саясаты, аймактык өнүгүү боюнча сөз болду.
Жолугушуу учурунда Айбек Шаменов студенттердин демилгелерин, алардын кесиптик өсүүсүнө жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусун кубаттап,Баткен облусунун келечегин билимдүү, активдүү жана жаңычыл көз караштагы жаштар менен байланыштырып, студенттерди активдүү болууга чакырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Президенттин стипендиясынын ээлерине Ардак грамоталары салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Айбек Шаменов стипендияга ээ болгон студенттерди куттуктап, аларды мындан ары да ийгиликке умтулууга жана өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга үндөдү.
Студенттер болсо өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, аймактагы жаштар мүмкүнчүлүктөрү, сапаттуу билим алуу шарттары жана кесиптик өнүгүү боюнча ой-пикирлерин бөлүшүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында ыйгарым укуктуу өкүл Баткен Мамлекеттик Университетинин жетекчилигине жана студенттик жамаатына ыраазычылык билдирип, жаштарга ар дайым колдоо көрсөтүү улантылаарын белгиледи.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы






