Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Облус башчысы Лейлекте жарандарды жеке кайрылуулары боюнча кабыл алды
Облус башчысы Лейлекте жарандарды жеке кайрылуулары боюнча кабыл алды
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, жарандарды жеке кайрылуулары боюнча кабыл алуу үчүн, район-шаарларга көчмө коомдук кабылдама менен барууда.
Кезектеги коомдук кабылдама Лейлек районунда уюштурулду.
Бул күнү жарандар облус башчысына жолугуп, жеке маселелерин жана аймактагы социалдык көйгөйлөрүн айтышты. Маселелердин көпчүлүгү Лейлек району тоолуу аймак болгондуктан сугат суу, айылдагы көчөлөрдү асфальттоо жана көмүр менен камсыз кылуу боюнча маселелер болду. Ошондой эле коомдук маанидеги маселелер менен да кайрылышты.
Аны менен катар тургундар тарабынан район аймагындагы жайыт жерлер жеке менчикке өтүп кетүүдө деген маселелер да айтылды. Бул боюнча ыйгарым укуктуу өкүл район аймагындагы жерлерди кайрадан инвентаризациялоо боюнча тапшырма берди.
А.Шаменов, “ар бир жарандын кайрылуусу өз убагында каралып, тийиштүү жардам көрсөтүлүүгө же багыттама берилүүгө тийиш” деп баса белгиледи.
Көчмө коомдук кабылдаманын максаты, облустун борборуна барууга шарты жок, алыскы аймактардын жашоочуларынын, улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү, же турмуш шарты оор жарандардын, жеке маселелеринин чечилүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү, алардын маселелерин жеринде чечүү.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы




