Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Облус башчысы газобетон заводунун курулушунан кабар алды

Облус башчысы газобетон заводунун курулушунан кабар алды

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, «Халмион Пром» жоопкерчилиги чектелген коомунун автоклавдык газобетон чыгаруучу заводунун курулушун көрдү.

Завод Баткен облусунун Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан.

Завод Германия мамлекетинен алынып келинген жабдуулар менен жабдылып, герман технологиясы менен курулууда.

Дүйнөлүк стандартка жооп берген, жогорку сапаттагы курулуш материалын чыгаруучу ишкананы үстүбүздөгү жылдын декабрь айына бүткөрүү аракеттери көрүлүүдө.

Ишкана жылына 160миң куб метр продукция чыгаруу кубаттуулугуна ээ болот. 150 адам жумуш оруну түзүлөт.

Исхак-Полотхан айыл өкмөтү ишканага 5,0 га жер аянтын бөлүнүп берген.

Сметалык баасы 14,5 млн. АКШ долларын түзгөн ишканага Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан да каражат бөлүнгөн.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн басма сөз кызматы