Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата спорттук мелдеш өтүүдө

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата спорттук мелдеш өтүүдө

Бүгүн, Кызыл-Кыя шаарында мамлекеттик кызматкерлердин күнүнө карата салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан спорттук оюндар салтанаттуу башталды.

Иш-чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыяр Токсонбаев катышып, ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменовдун атынан мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Мелдештин максаты – мамлекеттик кызматкерлердин ынтымагын чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана спорт аркылуу кесиптештер ортосундагы достукту бекемдөө.

Иш чарага жалпы кыз-келиндерден 7 команда, эркектер арасында 6 команда катышып, спорттун футбол, волейбол, аркан тартыш, таяк тартыш түрлөрү боюнча күч сынашууда.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы