Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Мааракеге карата аймакта эмне иш чаралар өтөт?

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата,

12-октябрда саат 9:30да “Апаз Жайнаков”атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдында ишкерлердин жана бизнес өнөктөштөрдүн көргөзмө жарманкеси башталат.

Саат 10:30да “Баткендин өнүгүүсү-өлкөнүн өнүгүүсү” аталышында Эл аралык инвестициялык форум өтөт.

13-октябрда 9:30да А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын имаратынан алдында Баткен облусунун аймагындагы жогорку окуу жайларынын жетишкендиктери жөнүндө көргөзмө өтөт.

10:00дө А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында Илимий-практикалык конференция башталат.

10:00дө Баткен шаарындагы борбордук стадиондо Улуттук классикалык кыргыз күрөшү боюнча мелдеш башталат. Баш байге автоунаа.

15:00дө борбордук стадиондо боз үйлөрдүн, улуттук кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак аш көргөзмөсү өтөт.

17:00дө борбордук стадиондо майрамдын салтанаттуу бөлүгү башталат.

Анын алкагында,

-театрлаштырылган көрүнүш

- жетекчилердин расмий куттуктоосу

- кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы гала концерт

-майрамдык салют болот.

14-октябрда Баткен облусунун 25 жылдыгына 25 обьекттин ачылуу аземи жер жерлерде өтөт.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы