Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Лейлекте этти кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Баткен облусунун Раззаков шаарында мал союлуучу жана этти кайра иштетүүчү жай ачылып, пайдаланууга берилди.

Ишкана күнүнө 50гө жакын ири мүйүздүү жана майда малды союп кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Алдыда этти кайра иштетүү пландалган. Жергиликтүү 10 жаран жумуш оруну менен камсыз болгон.

Ишкананы куруу үчүн Раззаков шаары 20 сотых жер участкасын трансформациядан өткөрүп, бөлүп берген. Лейлек райондук өнүктүрүү фонду ишкерге жеңилдетилген насыя берген.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы