Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин менен жолукту.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин менен жолукту.

Жетекчилер Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын кызматташтыгынын алкагында, Баткен облусу менен соода-экономикалык, гуманитардык, билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты активдүү улантууну макулдашышты. Ошондой эле инвестиция тартуу, жумуш орундарын түзүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Айбек Шаменов, Башкы консул Роман Свистин мырзага, анын иш сапары аймактар аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүп, конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берерине ишеничин билдирди.

Белгилей кетсек, Россия Федерациясынын каржылоосу менен Баткен шаарынын Чет-Булак конушунда 1224 орундуу мектеп куруу долбоору ишке ашырылууда. Курулуш 2025-жылдын ноябрь айында башталып, учурда жер казуу иштери жүрүп жатат.

Лейлек районунун Раззаков шаарында да 42 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Бул долбоор Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Баткен шаарындагы «Баткен Кино» кинотеатры капиталдык оңдоодон кийин кайрадан ачылган. Долбоорду “Атланта” кинотеатры жана Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган.

Буга чейин Баткен облусу, РФ Красноярск, Новосибирск, Челябинск облустары,Брест шаары менен кызматташуу боюнча келишимдерге жетишкен.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы