Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Коомго коркунуч жараткан маселелердин алдын алуу боюнча окутуу өттү

Коомго коркунуч жараткан маселелердин алдын алуу боюнча окутуу өттү

Бүгүн Баткенде “Милиция ишинин демократиялык принциптери. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, трансулуттук коркунучтарга, зордук-зомбулук, экстремизм жана терроризмге алып келген радикалдашууга каршы күрөшүү” аталышындагы окутуу өтүүдө.

Иш чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров сөз сүйлөп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо, эл менен укук коргоо органдарынын ортосундагы ишенимди арттырууда жана зомбулуктун алдын алууда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгү белгиленди.

Иш-чаранын негизги максаты — укук коргоо органдарынын ишинде демократиялык баалуулуктарды бекемдөө, коом менен милициянын өз ара ишенимин чыңдоо жана зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү болду.

КРнын Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулган окутууга милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, дин кызматкерлери жана аксакалдар катышып, үй-бүлөлүк зомбулуктун, радикалдашуу жана экстремизмдин алдын алууда ар бир тармактын ролу тууралуу пикир алмашышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы