Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Исхак Раззаковдун 115 жылдыгы белгиленди

Исхак Раззаковдун 115 жылдыгы белгиленди

Раззаков шаарында Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун туулгандыгынын 115 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Иргебаев, Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Алгач коноктор Исхак Раззаковдун музейинде улуу инсандын өмүр жана эмгек жолу менен таанышты. Музейде анын колдонгон жеке буюмдары, архивдик документтери, үй-бүлөсү жана замандаштары менен түшкөн сүрөттөрү, ар кандай сыйлыктары экспонат катары сакталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик ишмердин айкелине гүл чамбар коюлуп, арбагына багышталып куран окулду. Ошондой эле Лейлек районундук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Исхак Раззаковдун өмүр жолу жана элге сиңирген эмгеги боюнча сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды.

Ыйгарым укуктуу өкүл А.Шаменов, Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун Кыргызстанды кыйын кезеңден алып чыккан көрөгөч жетекчи болгондугун өлкөнү социалдык-экономикалык, индустриялык-агрардык, маданий жактан алга жылдырган, мекендин кызыкчылыгын жогору койгон өзгөчө инсан экендигин белгилеп өттү.

Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 115 жылдыгынын урматына шаар борборунда түндүк жана илегилек кушунун элеси түшүрүлгөн айлампа мунарасынын ачылышы болду. Мунаранын бийиктиги 20 метрди түзүп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланып долбоордук баасы 4 миллион сомду түзөт. Мунара айлампага кошумча жарыктандыруу орнотулуп, шаардын кире беришине курулган. Түндүк жана илегилек кушунун элеси тынчтыктын, биримдиктин жана эл ичиндеги ынтымактын символу катары кабыл алынат.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттик кызматта өзгөчө айырмаланган бир катар жетекчилер жана кызматкерлер Мамлекеттик кадр кызматынын “Отличник” медалы, ошондой эле Исхак Раззаковдун 115 жылдыгына арналган юбилейлик медалдары менен сыйланышты.

Бул эскерүү иш-чара залкар инсандын өрнөктүү өмүрүн, ак эмгегин жана эл үчүн калтырган мурасын кийинки муундарга үлгү катары жеткирүү.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы