Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Индия өлкөсүндө өткөрүлгөн Азия чемпионатында Баткендик балбандар 3 алтын, 1 күмүш медаль тагынды

Индия өлкөсүндө өткөрүлгөн Азия чемпионатында Баткендик балбандар 3 алтын, 1 күмүш медаль тагынды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Индия өлкөсүндө чоңдор арасында жана 17 жашка чейинки жаштар арасында өткөрүлгөн “Алыш” күрөшү боюнча Азия чемпионатында 1-орунду камсыз кылган балбандарды кабыл алды.

Азия чемпионатында алтын медаль тагынган спортчуларга ыйгарым укуктуу өкүл мындан ары да спорт жаатында ийгиликтерди багындырып, дүйнө биринчилигине чыгуусуна тилектештигин билдирип, акчалай сыйлык жана ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 21-26-май күндөрү Индия өлкөсүндө өткөрүлгөн “Алыш” күрөшү боюнча Азия чемпионатында, Болотбек Туратов чоңдор арасында 90 кг салмакта, ал эми Бибимариям Абдижамил кызы кыз-келиндер арасында 60 кг салмакта күрөшүп 1-орунду алышкан, Марлен Абдурахимов 17 жашка чейинки жаштар арасында 60 кг салмакта 1-орунду камсыз кылган. Ошондой эле Темирлан Ахунбабаев 17 жашка чейинки жаштар арасында күрөшүп күмүш медалга ээ болгон. Жалпысынан Баткен облусунан 5 спортчу барган.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы