Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Достук айылынын эли көчүүчү жер аныкталды

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Баткен районунун Достук айылынын эли менен жолукту.

Жолугушууда айыл элин кайсы жерге көчүрүү маселеси каралды.

Жыйынтыгында айыл элинин макулдугу менен, Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды.Аталган аймак Баткен шаарынын аймагы менен чектешет.

Натыйжада ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкесине мамлекет тарабынан бардык шарты менен турак үй курулуп берилет.Жалпы 71үй курулат.

Мындан сырткары мамлекеттик актысы бар жер тилке ээлерине, беш сотыхтан турак жай салуу үчүн жер тилкеси берилет.

Ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлери үчүн Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы 9гектар жер бөлүнүп берилет.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессинин жыйынтыгы менен Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өткөн.Ага ылайык айыл эли башка аймакка көчүрүлүүдө.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы