Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Чек ара айылдарынын тургундары Жаңы Достук айылына көчүп келүүдө

Чек ара айылдарынын тургундары Жаңы Достук айылына көчүп келүүдө

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактарынын, Тажикстан Республикасы менен алмашуунун натыйжасында, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн, Жаңы Достук айылына 181 турак үй курулган. Турак үйлөр курулуп бүтүп инфраструктурасыга байланыштуу жол, бала бакча жана башка соцобъектилер, сугат суу, таза суу жана жашылдандыруу иштери жүрүүдө.

Аткарылган иштерди Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жеринен көрдү.

Жаңыдан салынган турак үйлөрдө керектүү болгон бардык шарты каралган. Учурда Достук айылынын тургундары көчүп келе баштады. Ал үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын техникалар бөлүнгөн.

Жаңы турак жай аймагына, Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым участкаларынын тургундары да жайгашат.

Ал эми Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн, Раззаков жана Максат айылдарында жалпы 76 турак жайдын курулуш иштери да дээрлик аяктап калган..

Учурда жалпы Баткен жана Лейлек району боюнча 257 үй курулууда.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы