Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо болот

Кыргыз Республикасынын аймагында кезектеги айыл чарбасын каттоо, малды жана үй-канаттууларын кайра эсептөө 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин болот. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтому чыккан.

Айыл чарбасын каттоо айыл жеринде жана шаарда жайгашкан бардык статистикалык каттоо бирдиктерин камтыйт. Алар.

-Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мамлекеттик жана коллективдик (анын ичинде билим берүү мекемелеринин, өнөр жай, трансапорт, курулуш жана башка ишканалар менен уюмдардын көмөкчу чарбалары)

-Дыйкан (фермердик) чарбалары

-Айыл чарба өндүрүшү менен алектенген жеке ишкерлердин чарбалары жана калктын жеке көмөкчү чарбалары (анын ичинде жамааттык бактар жана короо алдындагы жерлер) катталууга жатат.

Белгилей кетсек, былтыркы жылдын 18-ноябрынан 7-декабрына чейинки мезгилде айыл чарбасын пилоттук каттоо Ош облусунун Араван районунун, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун белгиленген айылдарында болуп өткөн.

Бул багытта Баткен облусундагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн компетенцияларынын чегинде айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча окутуулардан өтүүдө.

КРнын Президентинни Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы