Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Бир канча жолу жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштерине карабай,аткезчиликке барган жаран кармалды

Бир канча жолу жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштерине карабай,аткезчиликке барган жаран кармалды
2025-жылдын 27-мартында Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Интернационал айылынын 1991-жылы туулган тургуну Шерали уулу Уланбек эки уйду кошуна Тажикстанга өткөрүп жиберген.
Аткезчилик кылган жаранды чек ара кызматкерлери кармап, чек ара заставасына алып келген. Кармалган жаран ушул убакытка чейин 3 жолу аткезчилик менен кармалып, айып пулдарын төлөгөн.
Лейлек районун акиминин жетекчилигинде Интернационал айылынын Аксакалдар сотуна салынып, акыркы эскертүү берилген. Катталган факт боюнча ИИМге билдирилип, Маалыматтардын электрондук журналына катталды.
Учурда кармалган жаранга карата тийиштүү иш-кагаздар толтурулуп, КР КЖК 429-беренесинин 1-пунктуна ылайык 5500 айып пул салынды.