Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Баткенге легендарлуу Ялла тобу келди

Баткенге легендарлуу Ялла тобу келди
Бүгүн 31-майда, Баткен шаарында өтүп жаткан Эл аралык Ыр майрамга Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров баштаган делегация келди.
Делегациянын курамында белгилүү Ялла тобу жана солисти Фаррух Закиров, Өзбек эстрадасынын жылдызы Севинч Муминовалар бар.
Алар бүгүн Баткен шаарында өтүүчү кыргыз-өзбек-тажик элдеринин достугун даңазалаган Ыр майрамдын алкагында Гала Концертке катышат.
Ардактуу конокторду КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер тосуп алышты.