Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Баткендин малина концентраты алтын медалга татыды
Баткендин малина концентраты алтын медалга татыды
Бир айыл – бир продукт” долбоорунун алкагында Бишкек шаарында уюштурулган “Мыкты улуттук бренд” республикалык сынагы жыйынтыкталып, мыкты өндүрүүчүлөр аныкталды.
Иш-чарага КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыяр Токсонбаев жана JICA уюмунун өкүлдөрү катышып, өндүрүүчүлөргө колдоо сөздөрүн билдиришти.
Долбоордун негизги максаты — аймактардагы сапаттуу жана өзгөчө продукцияларды аныктоо, аларды бренд деңгээлине жеткирүү жана ички-тышкы рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
“Бир айыл – бир продукт” долбоору Баткен облусунда 2018-жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келет. Бул аралыкта 50дөн ашуун продукция иштелип чыгып, алардын 40ка жакыны “Бренд” макамын алып, бүгүнкү күндө республиканын аймагында сатыкка чыгарылган.
Сынактын жыйынтыгында Баткен облусунан барган төмөнкү өндүрүүчүлөр байгелүү орундарга ээ болушту:
• “Ден соолук жана сулуулук үчүн эң мыкты продукция” номинациясы боюнча 1-орунду ээлеген Малина концентраты алтын медалга татыды. Өндүрүүчүсү Нургүл Исакова.
• “Эң мыкты продукт” — Кызылча ширеси, өндүрүүчү Сапаргүл Жусупбекова.
• “Эң мыкты чай”номинациясы — Өрүк гүлүнөн чай, өндүрүүчү Аширгүл Давбекова.
Жеңүүчүлөрдүн продукциялары жогорку сапаты, табигый курамы жана улуттук өзгөчөлүктү сактаганы менен айырмаланды. Алардын эмгеги жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошууда.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы



