Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

БАТКЕНДИК БАЛБАН КЫЗ АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛДЫ

БАТКЕНДИК БАЛБАН КЫЗ АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛДЫ

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыяр Токсонбаев, Индия өлкөсүндө кыз-келиндер арасында өткөн “Алыш” күрөшү боюнча Азия чемпионатында, 60 кг салмакта 1-орунду камсыз кылган Бибимарям Абдижалил кызын кабыл алды.

Бактыяр Токсонбаев балбан кызды жеңиши менен куттуктап, мындан ары да спорт жаатында ийгиликтерди каалап, акчалай белегин тапшырды.

Бибимарям Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында 2005-жылы төрөлгөн. Ал жаш кезинен эле спорт менен машыгат.

Учурда Бишкек шаарындагы атайын спорт мектепте Алыш күрөшү менен машыгып, көптөгөн мелдештерде алдыңкы орундарды камсыз кылып келет.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы