Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткенде “Зомбулуксуз үй-бүлө-зомбулуксуз коом” аталышында форум өттү

Баткенде “Зомбулуксуз үй-бүлө-зомбулуксуз коом” аталышында форум өттү

Баткен облусунун Кадамжай шаарында өткөн “Зомбулуксуз үй-бүлө-зомбулуксуз коом” аталышында форумга, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Алтынбек Сейитказиев баштаган жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын, Кадамжай районунун прокуратурасынын жетекчилиги, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, ата-энелер комитеттери, имам хатибтер, жаштар кеңештери катышты.

Жетекчилер алгач бул темадагы сүрөт көргөзмөсу менен таанышып чыгышты. Форумдун расмий бөлүгүндө жетекчилер сөз сүйлөп, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун келип чыгуу себептерине токтолуп, көйгөйдүн алдын алуу чаралары боюнча сунуш пикирлерин ортого салышты.

Ошондой эле бул багытта аткарлыып жаткан иштер, анын натыйжалары талкууланды.

Иш чаранын жүрүшүндө сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланып, таасирдүү чыгармалар көркөм окулуп, бул көрүнүштөр, коомдун өзгөчө көңүл буруусун талап кылаары баса белгиленди.

Форумдун алкагында үлгүлүү үй бүлөлөрдүн ийгилиги үлгү катары баяндалып, иш чара спорттук оюндар, концерттик программалар менен коштолду.

Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, бул багытта активдүү иш алып барган кызматкерлер сыйланды.