Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткенде жетекчилер кылым жашаган апаларды куттукташты

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер, тагыраагы облус башчысынын орун басарлары, облустук мекеме ишканалардын жетекчилери, район-шаар башчылары, кылым жашаган апаларды куттуктап барышты.

Жетекчилер 100 жаштагы апаларды 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, каалоо тилектерин айтып, белектерин тапшырышты.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы