Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткенде “Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл – Жамааттардын демилгеси өнүгүүнүн келечеги” аттуу республикалык семинар-кеңешме өттү

Баткенде “Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл – Жамааттардын демилгеси өнүгүүнүн келечеги” аттуу республикалык семинар-кеңешме өттү

Баткен облусунда уюштурулган “Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл – Жамааттардын демилгеси өнүгүүнүн келечеги” аттуу республикалык семинар-кеңешме, Кыргызстандын түптөлүү тарыхында өчпөс из калтырган улуу инсандар Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев, Мурат Салиховдордун эстелигине, жетекчилердин гүл чамбар коюу аземи менен башталды.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жетекчилер, көргөзмө жарманке менен таанышып чыгышты.

“Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу Жарлыгынын алкагында уюштурулган көргөзмөдө кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштар, маданий баалуулуктар чагылдырылып, гүл жарманкеси да өттү.

Иш чарага кошуна Өзбекстандын жана Тажикстандын чектеш райондорунан да коноктор келип катышты.

Бул күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин ортосунда “Акыл Майдан” интеллектуалдык оюуну да уюштурулуп, жыйынтыгында Ош облусу 1-орунду, Жалал-Абад облусу 2-орунду, Баткен облусу 3-орунду камсыз кылды.

Семинар кеңешменин расмий бөлүгүн Баткен районунун акими Данир Иманалиев ачып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдор сөз сүйлөп, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 35 жылдыгы менен куттуктап, аталган кызматтын аймактарды өнүктүрүүдөгү жана жарандардын жашоо шартын жакшыртуудагы салымдарын баалашты.

Ошондой эле жетекчилер өз ишинин мыктыларына сыйлыктарды тапшырышты.

Белгилей кетсек, бул күнү өлкөнүн түштүк аймагынан келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, 2025-жылдын жыйынтыгы менен “Мыкты айыл аймак” аталган Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында аткарлыган иштер менен жеринде таанышып чыгышты. Алар

Жаңы-Достук жерлигинин инфра түзүмү, Бужум айылындагы Т.Мурзапаров атындагы орто мектебинин көмөкчү чарбасы, Боз-Адыр таза суу долбоору,

Кара-Булак этнографиялык-тарыхый музейи, Алмалы капчыгайындагы Кара-Булак таза суу долбоорунун суу бөлүштүрүүчү түйүнү жана Алмалы капчыгайындагы Муз-Булак коругу менен таанышып чыгышты.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгармы укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы