Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Баткенде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү

Баткенде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов катышып, мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Кесиптик майрамга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери, район, шаар жетекчилери жана кызматкерлер катышты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында өз кесибинин мыктыларына Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовдун Ардак грамотасы жана Баткен облусуна 25 жыл юбилейлик медалы тапшырылып, алардын жоопкерчиликтүү жана ак ниет эмгеги бааланды.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы