Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Баткенде мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленди

3-март мамлекеттик туу күнү жана 5-март ак калпак күнүнө арналган иш чара Баткен шаарынын көчөлөрүндө жаштардын жөө жүрүшү менен башталды. Баштарына ак калпак кийип, колдоруна туу көтөргөн жаштар майрамдын көркүн ачты.
Майрамдык салтанаттын расмий бөлүгүндө КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жалпы облус калкын бул майрамдар менен куттуктады.
Облус башчысы өз сөзүндө, “мамлекеттик туубуз биздин эгемендүүлүгүбүздүн символу. Улуттук баш кийимибиз болгон ак калпагыбыз, кыргыз жигиттерине улуу муундан калган баалуу мурас. Туубуз бийиктикте желбирей берсин. Ак калпак кийген кыргыз жигити, жалпы журтка дем берсин” деген тилегин билдирди.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы