Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткенде курулуп жаткан мунай заводу эгемендүүлүк күнүнө пайдаланууга берилет

Баткенде курулуп жаткан мунай заводу эгемендүүлүк күнүнө пайдаланууга берилет

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, заводдун курулушунан кабар алды.

Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жаткан мунайды кайра иштетүүчү заводун 2025-жылдын 31-августунда пайдаланууга берүү пландалууда.

Облус башчысы Айбек Шаменов, аталган ишкананын пайдаланууга берилүүсү үчүн, жергиликтүү бийлик бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, колдоо көрсөтүлөөрүн айтты, анткени ири өнөр жай ишканасы аймактын өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ деп белгиледи.

Кыргыз-Түрк биргелешкен ишканасы пайдаланууга берилсе, АИ-92, АИ-95 бензини, дизелдик отун, битум, газ, автоунаа жана башка техникаларга пайдаланылуучу суюк майлар өндүрүлөт.

Ишканага сырьё Кадамжай районунун Бүргөндү аймагынан ташылып келинет.

Завод күнүнө 500 тонна нефтини кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Анда 200 адам жумуш менен камсыз болот.

Ал эми мунайды өндүрүү (жер астынан казуу) объектисинде 250 жумуш оруну түзүлөт.

Мунайды кайра иштетүүчү ишканага 12млн АКШ долларына жакын инвестиция салынды. Ал эми мунайды өндүрүү долбоорунун баасы 78 млн долларды түзөт.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн басма сөз кызматы