Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Баткенде коррупциянын алдын алууга багытталган маалыматтык жыйындар өтүүдө

Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы өзгөрүүлөр боюнча маалыматтык жыйындар өтүүдө.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Укук тартип коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кызматкерлери менен жер жерлерде жолугуп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөнүн белгилеп, аталган мыйзам боюнча кеңири маалымат берүүдө.
Коррупциянын түрлөрү, кылмыш-жаза кодекстин максаттары жана милдетери тууралуу маалымат жеткирилүүдө.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы