Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Баткенде бүгүн жалпы элдик ишембилик өттү

Бүгүн 1-мартта Баткен облусунун бардык аймактарында мамлекеттик кызматкерлер, укук коргоо органдарынын,аскер бөлүктөрдүн,билим берүү,саламаттыкты сактоо жана башка бардык тармактын кызматкерлери, жалпы жарандар ишембиликке чыгып, айлана чөйрөнү тазалоодо.
Жер жерлерде көчөлөрдү, эс алуу парктарын, коомдук жайларды, мекеме ишканалардын айланасын таштандыдан арылтуу, сугат арыктарын тазалоо, бак дарактарды актап сырдоо, бутоо, көрктөндүрүу иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейинки аралыкта КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун буйругуна ылайык, облус аймагында айлана чөйрөнү көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы