Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Баткенде бүгүн 6 объект ачылды

Баткен облусунда жалпы суммасы 5 млн долларды түзгөн 6 долбоор ишке ашты. Натыйжада 140 жаңы жумуш орундары түзүлдү.
Ишканалар бүгүн 30-декабрда, КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун онлайн катышуусунда ачылды.
Алар,
-Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Жаңгакты дарыясына курулган «Белес» чакан ГЭСи.
-Лейлек районунун Раззаков шаарында жайгашкан этти кайра иштетүүчү цех.
-Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Мурзакарим” ЖЧКсынын темир бетон заводу
-Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагында “Мега Стоун Ресурс” ЖЧКсынын шагыл майдалоочу цехи
-Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында таш майдалоо жана бетон чыгаруу цехи
-Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында “Табышкер” ЖЧКсынын Үч-Коргон көмүр кени.
Белгилей кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата 31-августта облуста 7 объект ачылган.
Андан соң, Баткен облусунун 25 жылдыгына карата 25 объект ачылып, пайдаланууга берилген.
Учурда облуста дагы 4 типтүү мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр.
Бүгүн жалпы өлкө боюнча 17 ишкана ачылды.
Ишканалардын ачылуу аземине жеринен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы