Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткенде аялдар кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү

Баткенде аялдар кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, облус аймагынан чогулган айымдарды, Кыргызстан аялдар кеңешинни түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады.

Ж.Исаков өз сөзүндө "эне бир колу менен бешик терметсе, экинчи колу менен аалам терметет". Сиздердин мээримдүү эне, камкор жар болуу менен катар, коомдук турмуштун бардык тармактарындагы салымыңыздар эбегейсиз.Өзгөчө чек арага чеп болуп жашаган Баткендин айымдарынын эркттүүлүгү, кайратмандыгы баалоого арзыйт” деп белгиледи.

Ошондой эле Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн бир катар алдынкы айымдарга, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун сыйлыктарын тапшырды.

Иш чарага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Республикалык аялдар кеңешинин төрайымы, коомдук ишмер Айнуру Алтыбаева да катышып, бул маараке менен айымдарды жылуу куттуктап, алардын коомдогу зор ролун белгилөө менен, Республикалык аялдар кеңешинин сыйлыктарын тапшырды.

Бул күнү айымдарга жергиликтүү таланттар тарабынан майрамдык концерт тартууланды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы