Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткенде алдыңкы айымдар сыйланды

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, айымдарды жаз майрамдары менен куттуктап, аялдардын мээримдүү эне, камкор жар болуу менен катар, коомдук турмуштун бардык тармактарындагы зор салымдарын белгиледи.

Баткен областынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы жана кызматтык милдеттерин мыкты аткарып, жетишкен ийгиликтери үчүн 8-март -Аялдардын эл аралык күнүнө карата Баткен облусунун аймагында мамлекеттик кыматтарда эмгектенген айымдар “Баткен облусуна 25 жыл” мааракелик медалы жана КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы”, “Алкыш” баракчалары менен сыйланды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы