Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткенде 1000 айым катышкан чуркоо боюнча марафон өттү

Баткенде 1000 айым катышкан чуркоо боюнча марафон өттү

Бүгүн 5-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунда 1000ден ашуун айым катышкан жай чуркоо иш чарасы болуп өттү.

Айымдар арасында сергек жашоо образын калыптандырууну демилгелеген Венера Нусуратиллаева баштаган жергиликтүү активисттердин, айымдарды таң эрте чуркоого болгон чакырыгы, 1000ден ашуун айымдын башын бириктире алды.

Айымдардын аракети Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан да колдоого алынып, бүгүн Баткен жана Ош облусунан чогулган айымдар,тазалык, ден соолук,ынтымак үчүн марафонго катышты.

Айымдар 6,5чакырым аралыкка чуркашты.

Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков да катышып,облус башчысы Айбек Шаменовдун куттуктоосун, сыйлыктарын тапшырды.

Ж.Исаков өз сөзүндө "Дени сак аял, дени сак улут" деп белгилеп,облус башчысы сергек жашоого умтулган айымдардын десилгесин колдоого алаарын айтып, коомду алга сүрөгөн айымдарга ыраазычылык билдирди.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы