Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткен жана Фергана облусунун башчылары Чечме жана Чашма айылынын тургундары менен жолукту

Баткен жана Фергана облусунун башчылары Чечме жана Чашма айылынын тургундары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаровдордун, Кыргызстандын Кадамжай районунун Чечме айылынын эли жана Өзбекстандын Сох районунун эли менен жолугушуусу өттү.

Жолугушууда Чечме булагын биргеликте пайдалануу боюнча жергиликтүү деңгээлдеги бир катар маселелер ортого салынып, эл менен кошо чечимдер кабыл алынды.

Айыл аксакалдары бардык маселелердин сүйлөшүү жолу менен чечилүүсүн кубаттап,кошуна жашаган эки элге ынтымак каалап, бата беришти.

Белгилей кетсек, 26-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев, Айдаркен шаарында эл менен жолугушкан.Жолугушууда кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоонун жүрүшүндө Чечме булагы толугу менен Кыргызстанда калганын айткан. Ал эми булактын суусун мурдагыдай эле эки өлкөнүн эли биргеликте пайдалануусу макулдашылганын билдирген.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.