Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткен-Согди-Фергана облустарынын башчылары жолугуп,кызматташуу боюнча документтерге кол коюшту

Бүгүн 19-декабрда, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода, Өзбекстандын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаровдор, Тажикстандын Гулистан шаарында жолугушту.

Жетекчилер 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып,өлкө башчыларынын жетекчилиги астында, чек ара аймактарында тынчтык сакталып, чек аралар макулдашылып, коопсуздук камсыздалганын, натыйжасында, кошуна жайгашкан кыргыз-өзбек-тажик элдеринин ынтымагын бекемдөөгө, облустардын кызматташуусуна жакшы шарт түзүлүп жатканын белгилешти.

Абдикарим Алимбаев өз сөзүндө "биздин мамлекеттердин башчыларынын саясий эркинин, акылмандыгынын жана тынчтыкка умтулуусунун аркасында,

биздин достукту, стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо, кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иш-чаралар системалуу жана ырааттуу ишке ашырылып жатат, бул стабилдүүлүктүн сакталышына жана элдерибиздин бакубаттуулугунун жакшырышына өбөлгө болууда"деп белгилеп өттү.

Чектеш облустардын башчылары кызматташуу жаатында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык жана туризм жаатында кызматташуу ниеттерин билдирип, 2025-жылга кызматташуу боюнча жол карталарына кол коюушту жана аны активдүү ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы