Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткен шаарында “Жаңы муун-жаркын келечек”, “Таза муун-коопсуз келечек” аталышындагы жаштар форуму өтүүдө

Баткен шаарында “Жаңы муун-жаркын келечек”, “Таза муун-коопсуз келечек” аталышындагы жаштар форуму өтүүдө

Максат-жаштар арасында зордук зомбулуктун, баңгизатка көз карандылыктын алдын алууга багытталган туруктуу баалуулуктарды калыптандыруу, ошондой эле коомдун коопсуздугу жана бакубаттуулугу маселелери боюнча жигердүү аң сезимдүү жарандык позицияны өнүктүрүү болуп саналат.

Иш чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Ырысбек Атажанов, Илибек Кубанычбеков, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү жетекчилер, КРнын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов,облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Жукенов баштаган ички иштер органдарынын кызматкерлери, билим берүү кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын студенттери, орто мектептердин жогорку классынны окуучулары катышты.

Форумдун жүрушүндө жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган театрлаштырылган көрүнүштөр тартууланды. Терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча тийиштүү адистер пайдалуу кеңештерин айтышты.

Ошондой эле билим, спорт,ишкердик жаатындагы ийгиликтүү жаштар, ийгилик сырлары менен бөлүштү.

Милициянын демилгеси менен уюштурлган форум жаштарга ар тараптуу пайдалуу маалыматтарга бай, туура жолго багыт берип, ийгиликке шыктандырган аянтча болду.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы