Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткен облусунун аймагында ишембиликтер старт алды

Баткен облусунун аймагында ишембиликтер старт алды

Баткен облусунда айлана чөйрөнү тазалоо, аймакты көрктөндүрүү жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында жалпы облустук ишембиликтер башталды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасынын негизинде уюштурулган иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жаштар жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Ишембиликтердин алкагында калктуу конуштардын көчөлөрү, сейил бактар, коомдук жайлар, арыктар тазаланып, бак-дарактар акталып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле таштандылар чыгарылып, санитардык тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Ишембиликтерди өткөрүүнүн максаты - аймактарда тазалык маданиятын калыптандыруу жана жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Мындай иш-чаралар облустун бардык район-шаарларында улантылып, ар бир жаранды тазалыкты сактоого жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы