Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткен облусунда шайлоого карата даярдык өз нугунда

Бүгүн Баткенде 17-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого карата даярдыктар боюнча жыйын өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, район шаар башчылары, штабдын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Президент Садыр Жапаровдун, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыгына ылайык, аймакта шайлоону уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, көмөк көрсөтүү максатында облустук штаб түзүлүп иш алып барууда.

Учурда Баткен облусу боюнча 22 айылдык кеңеште, 6 шаардык кеңеште жалпы 219 шайлоо участкасы түзүлүп, шайлоочулардын тизмеси илинип, шайлоочулардын аралыктан добуш берүү боюнча тизмелерин тактоо иштери жүрүүдө.

Шайлоочулардын жалпы саны 344999 түздү.

Учурда Баткен шаарында 5, Раззаков шаарында 8, Кызыл-Кыя шаарында 5, Сүлүктү шаарында 8, Кадамжай шаарында 6, Айдаркен шаарында 3 партия шайлоого катышууда.

Жалпы болуп партиялардан 1009 талапкер шайлоого катышууда, анын 357си аял.

Жыйындын жүрүшүндө Нуржан Шайлдабекова шайлоону уюшкандыкта өткөрүү боюнча кеңири маалымат берип, бул жолку шайлоонун өзгөчөлүктөрүнө маани берүүгө чакырды.

Облус башчысы тийиштүү жетекчилерге аралыктан добуш берүү өнөктүгүнө активдүү катышуу зарылдыгын белгилеп, ачык айкын, таза шайлоо өткөрүү үчүн, комплекстүү иш аракттерди активдүү улантуу боюнча тапшырмаларды берди.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы