Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Баткен облусу менен Гуд Нейборс Эл аралык уюмунун кызматташтыгы кеңейет

Баткен облусу менен Гуд Нейборс Эл аралык уюмунун кызматташтыгы кеңейет
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Гуд Нейборс уюмунун өкүлдөрү менен жолукту.
Облус башчысы Эл аралык Гуд Нейборс уюмунун Кыргыз Республикасында айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун менеджери Вон ИлХйонг баштаган топ менен ортодогу кызматташтыкты талкуулады.
Бул долбоор Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги жана Гуд Нейборс Эл аралык уюмунун жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү жана айыл чарба тармагындагы масштабдуу долбоору болуп саналат.
Тараптар мындан ары да айыл элинин социалдык абалын жакшыртуу багытында активдүү иш алып барууну макулдашты.
Тагыраагы долбоордун 2026-жылдан 2030-жылга чейинки экинчи этабын ишке ашыруу багыттарын талкуулашты.
Жакырчылыкты азайтууга түрткү болуучу, социалдык объектилерди куруу, дыйкан, фермерлерди окутуу, жергиликтүү жамааттарды чакан каржылоо иштерин улантаарын белгилешти.
Буга чейин аталган уюмдун колдоосу менен, Баткен облусунун Алтын-Бешик, Төрт-Гүл, Суу-Башы, Орозбеков, Масалиев айыл аймактарында, 12 кыска мөөнөттүү бала бакчалар курулуп, айыл өкмөтөрүнүн балансына өткөрүлүп берилген.
Мындан сырткары 12 айылда негизги инфраструктураларды оңдоп-түзөө жана курулуш иштерин жүргүзүү боюнча долбоорлор ишке ашырылган.Тагыраагы бала бакча, спорттук зал, футбол аянтча, газ жана ирригациялык обьектилерди куруу жана оңдоп түзөө иштери жүргөн.
Мындан сырткары Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүндө алма жана өрүк сактоочу 500 тонналык логистикалык борборун курууда Гуд Нейборс уюмунан өнөктөш катары 15млн сом каржыланган.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы