Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткен облусу АРИС менен дагы бир экономикалык долбоорду ишке ашырат

Баткен облусу АРИС менен дагы бир экономикалык долбоорду ишке ашырат

Бүгүн Баткен шаарында АРИСтин «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорду» ишке ашыруунун алкагында тегерек стол өттү.

Долбоордун максаты: климаттын өзгөрүшүнө туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана максаттуу коомчулуктарда аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат.

Долбоорго бөлүнгөн жалпы сумма 27 млн. АКШ долларын түзөт, анын ичинен 25 млн. доллары Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган. 2 млн. доллары – «Эрте билим берүү боюнча өнөктөштүк» фондунун гранты.

«Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор» Кыргызстандын 7 облусунун 40 районунан 40 айылдык аймак тандалып алынган, ага социалдык объекттерди — бала бакчаларды, мектептерди, медициналык мекемелерди, ошондой эле жылуулук, электр, суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын оңдоого байланышкан долбоорлорго грантттар берилет.

Баткен облусунан Баткен районунун Самаркандек айыл аймагы, Кадамжай районунун Исхак Полотхан айыл аймагы, Лейлек районунан Кең-Талаа айыл аймагы кирген.

Тегерек стол, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, АРИСтин Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун координатору Майрамбек Баялиев, район акимдери, айыл өкмөт башчылары, саламаттык сактоо, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, өзгөчө кырдаалдар, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле, ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жыйынтыгында АРИС менен жергиликтүү бийлик органдары 2026-2029-жылдарда аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшту.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы