Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Баткен облустук китепканасына 10 жыл

Баткен облустук китепканасына 10 жыл

Баткен облустук китепканасынын түзүлгөнүнө 10 жыл толду. Бул маараке облустук маданият жана билим берүү тармагындагы маанилүү окуялардын бири болуп саналат.

Маарекеге Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев баштаган облустук мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйында облустук китепкананын 10 жыл ичинде аткарган иштери, жетишкендиктери тууралуу сөздөр айтылып, өз ишинин мыктыларына маданият министрлигинин жана облус башчысынын ардак грамоталары тапшырылды.

Баткен облустук китепканасы 2014-жылдан бери облустун маданий жана билим берүү чөйрөсүндө маанилүү ролду аткарып келет. Учурда китепканада 78 миңдей китеп фонду, ал эми 10 миңге жакын окурманы бар.

Иш чарада "Китеп-акылдын казынасы, Китепкана-ошол акыл-казынанын сактоочусу, элге жеткирүүчүсү" деген китепканачылардын дарегине жылуу сөздөр айтылып, алардын 10 жыл аралыгында облустун район, шаарларында өз окурмандарын таап, райондук китепканалар ачылып, окурмандардын билимин тереңдетип, маданиятты жайылтуу жаатындагы эмгектери белгиленди.

Белгилей кетсек, облустук китепкана түзүлгөндөн бери атайын өзүнүн имараты жок болгондуктан ар кайсы жерде ижарада туруп келген. Бул маселени чечүү максатында алдыдагы жылдарда жаңы Баткен шаарынын курулушу менен биринчи кезекте социалдык обьектилердин тизмесинде заманбап облустук китепкананын курулуусу пландалууда.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы