Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Баткен: айылдагы ооруканада жаңы технология менен операция жасалууда

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында жайгашкан Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунда, лапороскопиялык аппараттын жардамы менен адамдын ички органдарына операция жасалууда.
Заманбап жабдуу Жапон элчилиги тарабынан 89667 АКШ долларына алынып берилген.
Айыл аймактагы ооруканада мындай шарт түзүлгөнүн уккан жаш дарыгер Абдыкалык Маматов, өз каалоосу менен Орусиядан айылга келип эмгектене баштаган.
Дарыгер бул жабдуу менен акыркы алты айда 60дан ашуун операцияны ийгиликтүү жасады.
Анын бул аракети мамлекет тарабынан колдоого алынып, “Дарыгердин депозити” мамлекеттик программасы аркылуу эмгек акысына кошумча акы төлөнүүдө.
Белгилей кетсек, аталган жабдуу бейтаптын денесин кеспей туруп, ички органдарына кичинекей тешиктер аркылуу кирип, оптикалык аспаптын жардамы менен операция жасоого мүмкүндүк берет. Бейтап 3 күн ичинде үйүнө чыгарылат.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы