Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Айбек Шаменовдун жарандарды жеринен кабыл алуусу Сүлүктү шаарында уланды
Айбек Шаменовдун жарандарды жеринен кабыл алуусу Сүлүктү шаарында уланды
Иш-чара көчмө коомдук кабылдамалардын алкагында уюштурулуп, буга чейин облустун башка район-шаарларында өткөрүлгөн.
Жеке кабыл алуу учурунда жарандар өздөрүнүн жеке көйгөйлөрүн, жумуш орундарын түзүү ошондой эле шаардын инфраструктуралык жана социалдык маселелерин көтөрүштү. Ар бир кайрылууну кылдаттык менен угуп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.
Айбек Шаменов белгилегендей, көчмө коомдук кабылдаманын негизги максаты — жарандар менен түз байланыш түзүү, алардын көйгөйлөрүн өз убагында угуп, көйгөйлөрдү жеринде чечүү болуп саналат.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы



