Кулактандыруулар

Жарандардын кайрылуулары үчүн

Урматтуу Баткен облусунун тургундары!

Эгер сизде, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеке кайрылууңуз болсо,

batkenpolpred@mail.ru электрондук дарегине кат аркылуу,

036 22-5 07 82 ишеним телефонуна чалуу менен, 

https://www.facebook.com/profile.php?id=100044503924814 бул шилтеме аркылуу биздин фейсбуктагы баракча аркылуу  кайрылсаңыздар болот.

Ошондой эле кattar.kg жарандардын электрондук кайрылууларынын порталы аркылуу кайрылсаңыз болот. Сиздин арыз автоматтык түрдө катталып, жооп берилет.

Ал үчүн сиз аталган дарекке кирип,”Кайрылуу берүүнүн эрежелери” пунктунан эрежелер менен таанышкан соң, “Кайрылуу” деген бөлүгүнө кирип табыштаманы толтуруп жибересиз.

Сизге КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коомдук кабылдамасынын кызматкерлери жооп берет.

Аны менен катар КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн расмий сайты batken.gov.kg сайты аркылуу, “жарандардын кайрылуусу” пунктунан кайрылып, кайтарым байланыш алсаңыздар болот. 

Ал эми оозеки же жазуу түрүндө, же жетекчиликке жолугуп кайрылууну кааласаңыз, күн сайын 9:00дөн 17:00гө чейин КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коомдук кабылдамасына кайрылсаңыздар болот.

Дареги: Баткен шаары, Тургунбай Садыков көчөсү 1. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты.