Кулактандыруулар

УЛУТТУК КҮРӨШКӨ ЧАКЫРАБЫЗ. БАШ БАЙГЕ АВТОУНАА

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата улуттук кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт.

70кг, 80кг, +85кг салмактагы балбандар үчүн, баш байге автоунаа. Мындан сырткары муздаткычтар, сыналгылар, тайлар коюлган.

Жаш өспүрүмдөр үчүн уюштурулган күрөштүн жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар каралган.

Мындан сырткары КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн диплом, медалдары ыйгарылат.

Күрөш 13-октябрда Баткен шаарынын борбордук стадионунда өтөт. Таразага түшүү убактысы 8:30- 9:30. Мелдештин башталышы 10:00.

Мелдештин максаты КРнын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу, улуттук кыргыз күрөшүн өнүктүрүү.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы