Кулактандыруулар
Телеканалдар көрсөтпөй калган учурда сыналгыдан “автоиздөө” программасына кирип, каналдарды издеңиз

Урматтуу Баткен облусунун тургундары!
Телеканалдар көрсөтпөй калган учурда сыналгыдан “автоиздөө” программасына кирип, каналдарды издеңиз
2024-жылдын 24-октябрынан баштап, Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин, Радиорелейлик станциялардын түштүк башкармалыгында, жаңы санариптик компрессия жабдууларын ишке киргизүү иштери башталат.
Мындан улам телекөрсөтүүлөрдө убактылуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.
Айрым телеканалдар көрсөтпөй калган учурда сыналгыдан “автоиздөө” программасына кирип, кайрадан каналдарды издөө сунушталат.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы