Кулактандыруулар
Өзбекстанда “Кыргыз соода үйү” ачылууда

Урматтуу Баткен облусунун ишкерлери!
Өзбекстанда “Кыргыз соода үйү” ачылууда
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбек Республикасынын Фергана облусунун хокимиятынын ортосунда кызматташууну кеңейтүү жөнүндө кол коюлган комплекстүү программага («Жол Картасы») ылайык, Өзбекстандын Кувасай шаарында “Кыргыз соода үйү” ачылууда.
“Кыргыз соода үйүн” ачуу үчүн кыргыз ишкерлеринин атынан соода-экономикалык карым катнашты жүргүзүүчү ишенимдүү өкүлү жана жайы аныкталды.
Аянты 90 кв м болгон соода үйүнө өндүргөн продукциясын алып барып жайгаштыруу менен, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө кызыкдар тараптар, бизге кайрылсаңыздар болот. Дарегибиз Баткен шаары, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм сектору. Байланыш номуру 0777 830 141.
Белгилей кетсек, имараттын ижара акысы акысыз.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы