Кулактандыруулар

Кадрлар резервине сынак өтөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызмат орундарынын улук тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:  

 Улук топтун административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

1)кесиптик билимдин деңгээли: 
тиешелүү багыттагы жогорку билим 
-Укук коргоо органдарынын менеджери, Юрист, Инженер куткаруучу (Өзгөчө кырдаалдардан коргоо), Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
тармактарында
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тийешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары боюнча төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
-“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; 
-Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; 
Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому 
-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламентөөчү мыйзамдарды билүүгө;
-Кесиптик милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча);
-Кесиптик милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет илди билүүгө (зарылдыгы боюнча)

Эскертүү; Укук коргоо органдарында эмгектенген, иш тажрыйбасы бар талапкерлерге артыкчылык берилет.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
-Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органынын  мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгы
-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары.
-Кыргыз Республикасынын   “Инвестиция жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
 Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Конкурска талап кылынуучу документтер:

-Өзүнүн арызы;
-Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
-Соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат;
-Нотариалдык конторадан  же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн негизги жана кошумча  билимин ( бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-Нотариалдык конторадан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( иш стажы бар болсо);
-Илимий даражаны же илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-Паспорттун көчүрмөсү.


Дареги: Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү №1, телефон (03622) 50005, (03622) 50154        сот. (0776) 51 50 50. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2024-жылдын 10-октябрында саат 18-00дө  аяктайт.