Кулактандыруулар

Баткенде “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

Мыйзамды ишке ашыруу максатында, Баткен облусунун аймагында жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо органдары менен биргеликте, атайын графикке ылайык, түшүндүрүү иштерин улантууда.

Атайын түзүлгөн комиссия күндүзү тойкана, көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларынын, коомдук тамактануу жайларынын ээлерине, ири курулуш объекттеринде мыйзам жөнүндө эскертүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми кечки саат 21:30дан 24:00гө чейин текшерүүгө чыгууда.

Мыйзамдын негизинде белгиленген убакытта калктын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге жол берилбейт.

Тагыраагы үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга тыюу салынган убактысы белгиленген.

– жумуш күндөрү – саат 22:00дөн 07:00гө чейин;

– дем алыш жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин.

Белгилей кетсек, тойкана жана башка көңүл ачуучу жайлардагы катуу үндөр эле эмес, оңдоп-түзөө, механикалык каражаттарды жана техникалык каражаттарды иштетүү, пиротехникалык каражаттарды пайдалануу да, калктын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге кирет.

Мыйзам эрежелерин бузган тараптарга мыйзам негизинде жоопкерчилик каралган.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы