04 июнь 2026
Кароолор: 6
Облус башчысы Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын эли менен жолугушту
Облус башчысы Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын эли менен жолугушту
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов айыл аймактын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин укту.
Жолугушууда тургундар тарабынан балдар бакчасын куруу, аялдар үчүн фитнес клуб ачуу, чек ара окуяларында турак жайлары жабыркаган жарандар үчүн экинчи үй маселеси, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү, үлүш жерлерге байланышкан көйгөйлөр, жаштар үчүн футбол аянтчасын куруу, мечит салуу, жер мунапысы, жаңы жумуш орундарын түзүү, электр энергиясы менен камсыздоо, суу насосторун натыйжалуу пайдалануу, сугат арыктарын куруу, ФАП, мектеп жана ички жолдордун абалы, социалдык контракт программасынын алкагындагы колдоо маселелери көтөрүлдү.
Ошондой эле мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө чек ара сызыгы турак жайларга туш келген үйлөрдүн ээлери өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү алышты.
Мамыржан Рахимов ар бир көтөрүлгөн маселе боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырмаларды берип, алардын аткарылышын көзөмөлгө аларын билдирди.
Мындан тышкары облус башчысы чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, бул багыттагы иштер мыйзам чегинде жана эки тараптуу макулдашуулардын негизинде жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Ал эми чек ара окуяларында турак жайлары жабыркаган тургундардын экинчи үй маселеси боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, аталган маселе жакынкы күндөрү оң чечилерин маалымдады.
Жолугушуунун соңунда тургундар көтөрүлгөн маселелерге көңүл бурулуп жаткандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдирип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан сунуштарын айтышты.
Жолугушууга 250дөй тургун катышып,40 жаран суроолору менен кайрылды.
Ак-Сай айыл аймагында беш айыл бар,анда 6500 калк жашайт.
Аталган айыл аймак Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешет.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы