08 июнь 2026

Кароолор: 8

Каримбердиева Максатай Мамытбековна КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Каримбердиева Максатай Мамытбековна КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Тиешелүү Тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Максатай Каримбердиеваны облус активине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов тааныштырып,жооптуу ишине ийгилик каалады.

Максатай Каримбердиева 1974-жылдын 13-сентябрында Лейлек районунун Самат айылында туулган.

Кесиби экономист

Эмгек жолунда Лейлек райондук билим берүү бөлүмүндө бир катар кызматтарды аркалаган.

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, Сүлүктү шаарынын мэринин орун басары кызматтарында эмгектенген.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы