09 июнь 2026

Кароолор: 5

«Инвестициялык вектор: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүү» аталышындагы аймактык семинар өттү

«Инвестициялык вектор: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүү» аталышындагы аймактык семинар өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, өлкө аймактарынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча тапшырмасынын негизинде, Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программаны актуалдаштыруу жана аны Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасына шайкеш келтирүү иштеринин алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан, Баткен облусунда окутуу уюштурулду.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев ачып берди. Ошондой эле КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов катышты.

Ошондой эле, Баткен облусунун бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү, райондордун акимдери жана алардын орун басарлары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тармактык мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү да катышты.

Иш-чаранын негизги максаты аймактагы инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен ишкерлердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле инвесторлорду колдоонун заманбап мамлекеттик механизмдери тууралуу маалымат берүү.

Семинардын жүрүшүндө инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү, инвестициялык инфраструктураны санариптештирүү, «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүүгө даярдык көрүү, аймактык инвестициялык инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестицияларды тартууга тоскоол болуп жаткан факторлорду жоюу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, Баткен облусунун инвестициялык потенциалы жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Катышуучулар инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана ишкердик жүргүзүү шарттарын жакшыртуу боюнча пикир алышты.

Семинардын жыйынтыгында Баткен облусунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, ишкердик демилгелерди колдоого жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес-коомчулуктун ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары чыңдоого багытталган бир катар сунуштар иштелип чыкты.

Семинардын катышуучуларына тиешелүү сертификаттар тапшырылды.

Окутуу Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялар кеңешинин Катчылыгынын колдоосу менен өткөрүлдү.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы